mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Кыргызстан менен Казакстандын транспорт министрлери «Ак-Жол» көзөмөл өткөрүү пунктунда жолугуп, кызматташууну талкуулашты

13-августта Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Ак-Жол» көзөмөл өткөрүү пунктунда Казакстандын Транспорт министри Нурлан Сауранбаев менен жолугушту.
Ведомство жетекчиси Абсаттар Сыргабаев Казакстан Республикасынын транспорт министри Нурлан Сауранбаевдин кызматка дайындалышы менен куттуктады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Сыргабаев “Кеген” көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу эл аралык маанидеги Каракол-Алматы жана Чолпон-Ата-Алматы автобустук каттамдары ачууну, кыргыз жүк ташуучулары үчүн уруксат кагаздарынын кошумча көлөмдө алмашуу маселелерин көтөрдү.
Ал эми Казакстан Республикасынын транспорт министри Нурлан Сауранбаев аталган маселелер боюнча макулдугун билдирди. Мындан тышкары, казак тарап кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл өткөрүү пункттарын модернизациялоо жана өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу тууралуу маселелерди көтөрүп, бул багытта эки тарап бирдиктүү багытта иш алып барууну макулдашышты.
Тараптар жалпы жол жана транспорт багындагы актуалдуу маселелерди талкуулап, мындан ары дагы эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү макулдашышты. Жолугушуу достук маанайда өттү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы