Красная-Речка – Ысык-Ата унаа жолунда бир тараптуу каттам берилди
- 123 просм.
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красная- Речка – Ысык-Ата унаа жолунун 26–36-чакырым аралыгында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №43 Жол тейлөө мекемеси тарабынан жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.
Азыркы тапта бир тараптуу каттам ачылды. Тазалоо иштерине 3 погрузчик, 1 грейдер жана 1 самосвал тартылган.
Жолду толук калыбына келтирүү боюнча ыкчам иштер уланууда.
Кошумча маалымат берилет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы