Корумду-Балбай-Баатыр жолуна асфальт төшөлүүдө
- 70 просм.
Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай-Баатыр тилкесинде жол курулуш иштери кызуу жүрүүдɵ. Учурда жолдун негизин даярдоо, асфальт төшөө, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жана кɵпүрɵ куруу жумуштары аткарылып жатат. Курулуш иштери башталгандан бери 50 чакырым аралыкка бир тараптуу асфальттын астыңкы катмары басылды.
Белгилей кетсек, Корумду-Балбай-Баатыр тилкеси 17 калктуу конуш аркылуу өтөт. Реконструкциялоо иштеринин алкагында жол коопсуздугун камсыздоо максатында бардык талаптар сакталып, тийиштүү жерлерге багыт берүүчү элементтер, жол белгилери коюлган. Ошондой эле, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында жол тасмасы үзгүлтүксүз грейдер менен тегизделүүдө. Мындан тышкары, 21 техниканын жардамы менен суу чачуу иштери да жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Корумду-Балбай-Баатыр жолундагы оңдоо жумуштары бардык стандарт жана нормаларга ылайык так аткарылып жатканын билдирет. Ошондой эле, жол курулуш иштери – эски асфальт катмарын сыйруу, жасалма курулуштарды (көпүрөлөрдү, түтүктөрдү, лотокторду ж.б.) куруу, жердин негизин даярдоо сыңдуу көп баскычты камтыган процесс экенин баса белгилөө менен долбоорду ийгиликтүү, өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу үчүн убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга туура түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
Эске салсак, “Ысык-Көл айланма жолунун 104-184,5-чакырымдар аралыгын (Корумду-Балбай-Баатыр тилкеси) реконструкциялоо” долбоору боюнча курулуш иштери 2024-жылдын 1-апрелинде толук кандуу башталган. Анда унаа жолду төрт тилкеге чейин кеңейтүү, тротуар куруу, велосипед жолу менен 14 көпүрөнүн жана 877 суу өткөргүчтүн курулушу жана реконструкциялоо жумуштары каралган.
Ошондой эле, долбоордун алкагында жарыктандыруу, жашылдандыруу, калктуу конуштарда аялдамалар, темир бетон парапеттер, тосмолор орнотулуп, эс алуу зонасы бар унаа токтотуучу жайлар курулат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы







