mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Кара-Жыгач-Сары-Челек унаа жолундагы көпүрөнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Кара-Жыгач-Сары-Челек унаа жолунун 3,8-чакырымында жайгашып, Кара-Суу дарыясынан өткөн көпүрө пайдаланууга берилди.

Курулушу аяктаган көпүрөнүн узундугу 36 метрди, туурасы 10,6 метрди түзөт. Унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 8 метрге кеңейип, жөө жүргүнчүлөр үчүн эки тарабына тротуар салынды. Бардык талаптарга жооп берген көпүрөнүн жүк көтөрүмдүүлүгү 80 тоннага эсептелинип, 4 тарабы бетон менен бекемделди. Ошондой эле, кошумча дамба куруу иштери да жүрдү.

Эске салсак, буга чейин колдонулуп келген эски көпүрө 1979-жылы курулган. Ал акыркы жылдары авариялык абалга кептелгендиктен жаңысын салуу чечими кабыл алынып, 2024-жылы курулуш иштери башталган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы