Жүргүнчү жана жүк ташыган унааларга карата текшерүү иштери уланууда
- 136 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптары менен белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Министрлик көзөмөлдү күчөтүү — транспорт мыйзамдарын так сактоо менен коопсуздукту камсыздап, жаңы салынган жолдордун талкаланышын алдын алуу болуп саналарын баса белгилейт. Ошондой эле, ведомсвто айдоочуларды тартипти бузуудан алыс болууга чакырат.
Белгилей кетсек, текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы