Жол тегиздөө иштери уланууда
- 113 просм.
КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан асфальт төшөлө элек автожолдорду убактылуу кароодо автогрейдердин жардамы менен сүрүп – түздөө иштери уланууда.
№ 9 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан Кочкор-Арал-Тɵɵ-Ашуу жолу сүрүп, тегиздеп, суу алып кеткен участокторго кум шагыл аралашмасы менен толтурулуп, калыбына келтирилди.
№20 Жол тейлɵɵ ишканасы тейлеген Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолунун 7,9-33 чакырымдар аралыгында 1 даана автогрейдердин жардамы менен жол бети тегизделип, чыгып калган таштар алынды.
Ат-Башы районундагы Ача -Кайынды -Май –Босого авто жолунун 16-45 чакырымдар аралыгында шагыл жол сүрүп-тегизделип, жол жээгиндеги арыкчалар оңдолду.№14 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан Сары-Булак-Арчалы-Орук-Там унаа жолунун 21-176-чакырымын (Шантуй) автогрейдери менен кырып тегиздөө иштери аткарылды.
Өлкө аймагындагы убактылуу кароодогу шагыл жолдорду жаан-чачындан кийинки калыбына келтирүү үчүн сүрүп, тегиздөө иштери муктаждыгына жараша ар ай сайын жүргүзүлүп турат.