mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол курууга керектелген жаңы техникалар аймактарга бөлүштүрүлүп берилүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине тапшырылган жаңы техникалар муктаждыгына жараша аймактардагы Жол тейлөө ишканаларына бөлүштүрүлүп берилүүдө.
 
Техникалык базаны жаңылоо менен катар жолчулардын жумушун жеңилдетүү максатында 2024-жылы бюджеттин эсебинен 453 атайын техника сатып алынган. Аларга самосвалдар, автогрейдерлер, битум ташыган транспорт каражаттары, бульдозерлер, автобетон аралаштыргычтар, экскаватор жана башкалар кирет.
 
Кошумчалай кетсек, өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери КРдин Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен 2022-2023-жылдар аралыгында жалпысынан 297 даана техника алынган.
 
Мындан тышкары, 2025-2026-жылдары япониялык JICA агенттигинин колдоосу менен 48 даана, Кытай мамлекетинин гранттык колдоосунун алкагында 144 даана, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 69 даана, Корея өнүктүрүү фондунун эсебинен 223 даана техниканы жана жабдыктарды алуу күтүлүүдө. Жыйынтыгында, 2023-2026-жылдар аралыгында министрликтин техникалык базасы 1234 даана жаңы техника жана жабдыктар менен толукталат.
 
 
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы