mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол иштеринин түрмөгү

Нарын облусундагы Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолу сүрүлүп, тегизделүүдө. Жумуштар аймакты караган № 20 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдун 5-33-чакырымдар аралыгында аткарылып жатат.

№ 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунун жээгиндеги таштандылар тазаланды.

№ 4 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Балыкчы-Ананьево-Каракол жолундагы жапайы бадалдарды кесип, тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Ош-Кара-Суу-Савай унаа жолуна жол белгилери орнотулду. Ал үчүн № 45 Жол тейлөө ишканасынын 3 атайын техникасы жана кызматкерлери тартылды.

Белгилей кетсек, жети облус жолдорунда кышкы тейлөө иштери кызуу жүрүүдө. Аны менен катар жолчулар тарабынан аймактарда лотокторду жана жол четин тазалоо, тегиздөө, жол белгилерин алмаштыруу, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, тоо боорунан түшкөн таштарды тазалоо, мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо, аң-чөнөктөрдү толтуруу сыңдуу жол иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы