Жол иштери…
- 124 просм.
Бүгүн, 20-февралга карата өлкө аймагындагы жолдордо жана ашууларда жол ачык, унаа кыймылына чектөөлөр жок. Министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан кышкы тейлөө иштери уланууда. Жолду кардан тазалоо, тайгак тилкелерге инерттик материалдарды чачуу иштери менен катар аймактарда лотокторду жана жол четин тазалоо, тегиздөө, жол белгилерин алмаштыруу, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо, аң-чөнөктөрдү толтуруу сыңдуу жол иштери жүрүүдө.
Алсак, Араван районундагы Тоо-Моюн-Араван унаа жолу атайын техниканын жардамы менен сүрүп, тегизделип жатат. Ошондой эле, Бишкек-Ош жолунда жер алдындагы өтмөктөрдө электр жарыктагы оңдолууда. Ал эми, Бишкек-Нарын-Торугарт менен Кара-Булак-Бейшеке жолдорунда жол белгилерин жаңылоо, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу жумуштары аткарылды.
Мындан тышкары, Бишкек-Кун-Туу-Шопоков жолунда жаралган аң-чөнөктөр жамалып, Бишкек-Манас унаа жолунун жээгине ыргытылган таштандылар тазаланды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы