Жол белгилер жаңыланууда
- 128 просм.
Министрлик алдындагы Жол тейлɵɵ ишканалары тарабынан ɵлкɵ аймагындагы мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги авто жолдордо эскилиги жеткен жол белгилерди жаңылоо жана жол чийиндерин чийүү иштери жүрүүдө.
Ошондой эле, Бишкек-Ош авто жолунун Сосновка постунан Тɵɵ-Ашуунун түшɵ беришине чейинки коопсуздукту алдын алуучу парапеттерди алмаштыруу иштери аткарылууда. жалпысынан 200 даана парапет орнотуу каралган. Учурда 34 орнотулду.
Белгилей кетсек, Жолчулар тарабынан орнотулган ар бир жол белги министрлик алдындагы «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин тарабынан жасалат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы