Жалал-Абад-Казарман унаа жолу: Сел жургөн тилкелер тазаланып, жол ачылды
- 92 просм.
Жалал-Абад – Казарман унаа жолу тазаланып, каттам жанданды. Азыркы тапта аймакты караган № 31 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кеңейтүү иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, 12-июнь күнү саат 22:30дар чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Жалал-Абад – Казарман жолунда сел жүрүп, 63-87-чакырымдар аралыгындагы 5 жерде каттам үчүн кыйынчылыктар жаралган.
Жерине дароо № 31 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалары тартылып (жүктөгүч, грейдер, манипулятор жб), тынымсыз тазалоонун натыйжасында түнкү саат 03:00дор чамасында жол ачылды. Азыркы тапта селдин кесепеттерин жоюу, кеңейтүү иштери уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы