Бишкектин түндүк айланма жолу кандай болуп өзгөрөт? (эскиз)
- 124 просм.
Бишкек шаарынын түндүк айланма жолун реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө. Азыркы тапта алгачкы 6 тилкелүү трассанын курулушун колго алган подряддык компания тарабынан свай куюу, жер иштери жана кеңейтүү жумуштары жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Быйыл анын 15 чакырымына асфальт төшөө пландалууда. Тактап айтканда, 2025-жылы Алма-Ата-Бишкек-Ташкент жолунун 6 чакырымы жана Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 9,1 чакырымы реконструкцияланат. Жолдун аталган тилкесинде (15 чакырым аралыгында) эки деңгээлдүү 4 жол түйүнүн (двухуровневая развязка) куруу каралган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы