Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолу: Министр Сыргабаев асфальт басуу ишин жеринен көзөмөлдөдү
- 81 просм.
Бүгүн, 8-апрелде Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барды.
Ведомство жетекчиси Балыкчы—Чолпон-Ата—Корумду унаа жолунун 10-чакырымына асфальттын экинчи катмарын төшөө иштеринин жүрүшүн жеринен көзөмөлдөдү.
Мындан тышкары, министр Абсаттар Сыргабаев Ысык-Көл районундагы асфальт-бетон өндүрүүчү заводдун өкүлдөрү менен жолугуп, жолчуларды өз убагында курулуш материалдар менен камсыз кылуу талабын койду.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы