mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Балыкчы-Кочкор унаа жолу маал-маалы менен жабылат

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы 5-марттан 5-майга чейин Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 40-43-чакырымдар аралыгы (тагыраагы Кубакы ашуусунун бурулушуна чейинки бөлүгү ) курулуп жаткан жаңы темир жолдун 37-40-чакырымдарында бургулоо-жардыруу иштерине байланыштуу маал-маалы менен жабылып турарын маалымдайт.

Аталган тилке дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү саат 08:00дөн–17:30га чейин жабык болот.

Мындан улам, айдоочулардан убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, алдын ала альтернативдүү жолду пландап алууга чакырабыз.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы