mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Базар-Коргон-Арстанбап-Кызыл-Үңкүр жолу: Сел түшкөн тилкелер толук тазаланып, жол эки тараптуу ачылды

Базар-Коргон-Арстанбап-Кызыл-Үңкүр унаа жолунун сел түшкөн тилкелери толук тазаланып, калыбына келтирилди. Жумуштар аймакты караган № 50 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды.

Белгилей кетсек, 27-майдан 28-майга караган түнү саат 23:30-00:00дор чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Базар-Коргон – Арстанбап – Кызыл-Үңкүр жолундагы кокту-колоттордон сел түшүп, айрым тилкелери жабылып калган. Жерине дароо № 50 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалары тартылып, түнү менен иш алып барылды. Учурда бардык тилкелер калыбына келтирилди. Эки тараптуу каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы