Ашууларда жол ачык
- 107 просм.
Бүгүн, 5-мартка карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, тазалоо, зарыл учурда кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы