mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолунда асфальт төшөө иштери уланууда

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы–Кында–Торугарт унаа жолунун 2,9–4,9 чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери кызуу жүрүп жатат. Иштер 2025-жылдын мамлекеттик капиталдык салымдар беренеси менен каржыланууда.
Бүгүнкү күндө 1,5 чакырым аралыкта бир тараптуу, туурасы 7 метр болгон асфальт катмары төшөлдү. Курулуш иштери №20 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан аткарылып, сапатына жана мɵɵнɵтүнɵ дыкат кɵңүл бурулууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы