Асфальт төшөө, аң-чөнөктөрдү толтуруу… Аймактарда аткарылган жумуштар
- 60 просм.
Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 223-чакырымындагы Чоң-Талаа айылына бара турчу жолго (3 чакырым) асфальт төшөлөт. Азыркы тапта № 2 Жол тейлөө ишканасы (ЖТИ) тарабынан жолдун негизи даярдалып жатат. Ага улай № 44 ЖТИнин кызматкерлери Араван районуна караган Кочубаева-Суткор жолунун 3 чакырымын оңдоо иштерин баштап, эски асфальтты сыйруу жумуштарын аткарып жатышат. Ушундай эле иштер Кемин-Шабдан-Көк-Ойрок жолунда жүрүп, жер жумуштары жыйынтыкталар замат 2 чакырымга асфальт төшөлөт.
Мындан тышкары, жети дубан жолдорунда аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери кызуу жүрүүдө. Алсак, Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Бишкек, Ноокат-Араван-Тобо-Коргон, Беловодск-Темен-Суу, Чат-Базар-Арал-Талды-Булак, Ош-Баткен-Раззаков жолдорунда жаралган аң-чөнөктөр жамалууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы