mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Асфальт төшөө, аң-чөнөктөрдү толтуруу, сүрүп, тегиздөө…  Өлкөдө жол иштери кызыды

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 223-чакырымындагы Чоң-Талаа айылына бара турчу 3 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Азыркы тапта № 2 Жол тейлөө ишканасы (ЖТИ) тарабынан жолдун негизин даярдоо иштери башталды. Ошондой эле, № 2 ЖТИнин кызматкерлери Айгүл-Таш-Согмент-Таян жолунда (3-8-чакырымдар аралыгы) жер жумуштарын аткарып жатышат.

Ал эми Дорожный-Чолок-Боом жолунда ысык асфальт менен аң-чөнөктөр толтурулууда. Ушундай эле жумуштар Жалал-Абад-Казарман, Жаңы-Турмуш-Кара-Дөбө, Көк-Жар-Ала-Тоо, Бишкек-Красный-Строитель, Михайловка-Николаевка-Токтоян, Бишкек-Нарын-Торугарт, Бишкек-Кунтуу-Шопоков жана Бишкек-Ош унаа жолдорунда жүрүп жатат.

Жол жээгин тегиздөө жумуштары Кемин-Шабдан-Көк-Ойрок, Бишкек-Нарын-Торугарт, Суусамыр-Талас-Тараз жана башка жети дубан жолдорунда аткарылууда.

Жогоруда аталган жол иштеринен тышкары аймактарда куурап калган бактардын бутактарын кыркуу, тоо боорунан кулаган таштар менен жол боюндагы арыктарды жана айланасын тазалоо, тосмолорду, бордюрларды, аялдамаларды, көпүрөлөрдү актап, сырдоо, шагыл жолдорду сүрүп, тегиздөө жана “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында көчөт отургузуу менен аларды байма-бай сугаруу иштери жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы