mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Арал-Казарман унаа жолу: Тоо боорунан түшкөн таштарды тазалоо иштери уланууда

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде (243-296-чакырымдар аралыгы) тоо боорунан түшкөн таштарды тазалоо иштери уланууда. Жеринде аймакты караган № 18 Жол тейлөө ишканасынын (ЖТИ) кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатышат. Каттам бар.

Ошондой эле, № 24 ЖТИ тарабынан Арал-Казарман жолунун 241-242-чакырымдар аралыгында тоо боорунан түшкөн көчкүнү тазалоо иштери уланууда. Белгилей кетсек, буга чейин жолдун жогоруда аталган тилкесинде тоо боорунан көчкү түшүп (болжол менен 60 000-70 000 м3), жолду бөгөп калган.

Тынымсыз тазалоонун натыйжасында бир тараптуу каттам берилген. Азыркы тапта жолчулар тарабынан тазалоо, кеңейтүү иштери уланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы