mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Арал-Казарман унаа жолу: Бир тараптуу каттам берилди

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде тоо боорунан кулаган таштар тазаланып, бир тараптуу каттам берилди. Азыркы тапта аймакты караган № 18 Жол тейлөө ишканасынын (ЖТИ) кызматкерлери тарабынан кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ саат 22:10 дор чамасында жолдун 276-чакырымына таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Жерине дароо № 18 ЖТИнин кызматкерлери тартылып, 19-мартка караган түнү, саат 03:00дор чамасында каттам берилген.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы