Арал-Казарман унаа жолу: Бир тараптуу каттам бар
- 96 просм.
Бүгүн, 4-март күнү саат 04:00 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде (247-248 чакырымдар аралыгы) тоо боорунан таштар түшүп, жол убактылуу жабылган. Жерине дароо министрликке караштуу № 18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери менен атайын техникалары тартылган.
Тазалоо иштеринин натыйжасында, бир тараптуу каттам берилди. Азыркы тапта кеңейтүү иштери уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы