Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка авто жолунун курулушу уланууда
- 74 просм.
Ала-Бука менен Чаткалды бириктирген жолдун 100 чакырымын капиталдык ондоо долбоору каралып, 2023 –жылы курулуш иштери башталган. Ушул жылы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка авто жолунда каралган асфальт жумуштары толугу менен аяктоо пландалууда. Буга чейин аталган жолдун 32 чакырымына асфальт тɵшɵлгɵн.
Учурда 29-чакырымдан 88-чакырымдар аралыгында жол бетин тегиздɵɵ, жол жээгин кеңейтүү, тоо этектерин кесүү, кум-шагыл аралашмасын даярдоо иштери жүрүүдɵ.
Белгилей кетсек, 35-чакырымдан 88-чакырымга чейин бир да жолу асфальт тɵшɵлбɵгɵн шагыл жол болгон. Ал эми калган тилкелеринде эски асфальтты сыйрып, жаңы асфальт тɵшɵɵ иштери баштаганы турат.
Аталган долбоор 4 бөлүккө бөлүнүп, 2 тилкелүү, 11,5 тонна жүк кɵтɵрүмүнɵ ылайыкталган жол болуп салынууда.
Министрликтин маалымат кызматы