mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Өндүрүштүк-инновациялык борбор жалпы 9480 даана жол белгилерин чыгарышты

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» министрликтин коллегиясынын чечимине ылайык, жол белгилерин чыгаруу үчүн жабдыктарды жана жарым автоматтык жибек графикалык станокторду сатып алган. Жогоруда белгиленген борбор аркылуу 2023-жылдын 1-апрелинен баштап жол белгилери чыгарылып, 10 жылдык кепилдик мөөнөтү менен берилүүдө.  Буга чейин жол мекемелери мындай белгилерди 4000 сомдон сатып алышкан болсо, бүгүнкү күндө 3000 сомдон сатып алышууда.

 

 

Жол белгилери боюнча 12 айга маалымат

Жалпы даярдалып чыккан жол белгилери

9480 даана

Сатылган жол белгилердин саны

9036 даана

Жеке белгилер

155 даана

Катафот

1005 даана

Трубалар Ф57

3873 метр

Трубалар Ф76

6302 метр

 

            2024-жылдын 4-январынан тарта жол белгилерин чыгарган устакана ишин улантып, жаз мезгилинен тарта жол тейлөө мекемелерине жана буйрутма берген кардарларга өз убагында сапаттуу жол белгилерин даярдап берүүдө. Ошонун негизинде учурда 2100 даана жол белгилери даярдалды жана 6000 даана катафот өндүрүлдү.