Өндүрүштүк-инновациялык борбор жалпы 9480 даана жол белгилерин чыгарышты
- 197 просм.
КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» министрликтин коллегиясынын чечимине ылайык, жол белгилерин чыгаруу үчүн жабдыктарды жана жарым автоматтык жибек графикалык станокторду сатып алган. Жогоруда белгиленген борбор аркылуу 2023-жылдын 1-апрелинен баштап жол белгилери чыгарылып, 10 жылдык кепилдик мөөнөтү менен берилүүдө. Буга чейин жол мекемелери мындай белгилерди 4000 сомдон сатып алышкан болсо, бүгүнкү күндө 3000 сомдон сатып алышууда.
Жол белгилери боюнча 12 айга маалымат |
|
Жалпы даярдалып чыккан жол белгилери |
9480 даана |
Сатылган жол белгилердин саны |
9036 даана |
Жеке белгилер |
155 даана |
Катафот |
1005 даана |
Трубалар Ф57 |
3873 метр |
Трубалар Ф76 |
6302 метр |
2024-жылдын 4-январынан тарта жол белгилерин чыгарган устакана ишин улантып, жаз мезгилинен тарта жол тейлөө мекемелерине жана буйрутма берген кардарларга өз убагында сапаттуу жол белгилерин даярдап берүүдө. Ошонун негизинде учурда 2100 даана жол белгилери даярдалды жана 6000 даана катафот өндүрүлдү.