Ысык-Көл облусунда катуу жамгырдын кесепетинен кээ бир жолдор жабылды!
- 83 просм.
024-жылдын 18-август күнү, саат 21:30 маалымат!
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл, Тоң райондорунда жамгыр катуу жаап жатат. Автоунаалардын жолго жүрү санын азайтуу зарыл , жергиликтүү бийлик менен биргеликте иш алып барылып, Жети-Өгүз, Тоң райондоруна өзгөчө кырдаал (ЧС) жарыяланды!
⚠️Азыркы учурда төмөнкү унаа жолдор убактылуу жабылды:
📍Григорьевка-Көл-Кашка-Суу унаа жолунун 0-16 км суу каптап, каттам жабылды (Григорьевка капчыгайына баруучу жол).
📍Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дон-Талаа унаа жолунун Көл-Төр-Коңур-Өлөң 42-43 км бөлүгү жабылды!
📍Тогуз-Булак айылына баруучу жол (заезд в с. Тогуз-Булак) жабылды.
📍Ак-Сай-Көк-Сай унаа жолунда каттам жабык.
📍Ак-Терек-Дон-Талаа унаа жолунда каттам жабык.
📍Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 60-70 км аралыгы жабылды (Кескен-Бел бөлүгү) жана бул унаа жолдун 58 чакырымда Кызыл-Туу айылындагы көпүрө авариялык абалда! Каттам чектелген!
Азыркы учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” МИ-нын Жол эксплуатациялоо ишканалары тарабынан атайын техниканын жардамы менен жолду тазалоо иш-аракеттери жүрүүдө!
Министрликтин маалымат кызматы