Чүй өрөөнүндөгү Жал-Орок жана Бишкек-Кой- Таш-Ысык-Ата авто жолуна асфальт төшөлдү
- 57 просм.
№ 1 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Жал-Орок авто жолунун 2 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү. Капиталдык салымдар беренесинин эсебинен Эки тилкелүү, 6 метр кеңдикте төшөлдү.
Ошондой эле, №25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан капиталдык салымдар беренесине ылайык Чүй облусунун Бишкек-Кой-Таш-Ысык-Ата унаа жолунун 43- 45 чакырым аралыгына 2 чакырым асфальт төшөө иштери аткарылды.
КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы