Чоң-Арык-Ала-Арча жаратылыш паркы унаа жолу: жол четине тосмолор орнотулууда
- 13 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №25 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан Чоң-Арык-Ала-Арча жаратылыш паркы унаа жолунун жээгине тосмолор орнотулууда.
Бүгүнкү күндө жол кырсыктарын алдын алуу максатында коюлуп жаткан тосмолор жолдун 21-чакырымына 90 метр, 22,9-чакырымына 50 метр, 23-чакырымына 335 метр, 25-чакырымына 85 метр, жалпылап айтканда 560 метр орнотулду.
Белгилей кетсек, ушундай эле иштер буга чейин да жүргүзүлгөн.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы