mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Чолпон-Ата  шаарындагы оор жүк  ташуучу унааларга рейд жүргүзүлдү

Кече, 23-майда КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин   Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын  инспекторлору   Чолпон-Ата  шаарындагы оор жүк  ташуучу унааларга рейд жүргүзүштү.

Анда, алар оор жүк  ташуучу унаалардын документтерин, мыйзамда көрсөтүлгөн максималдык салмагын текшеришти.

         Рейддин жыйынтыгында мыйзам талаптарын сактабаган 4 айдоочуга  Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181-беренесинин негизинде протокол  түзүлүп, аларга  70 миң сомго айып пул салынды.

Бул жерде белгилей кетүүчү жагдай, көзөмөлдүн негизги максаты  салынган жолдордун сапатын сактоо жана талкалоого жол бербөө болуп саналарын белгилейбиз.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы