mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө БИЛДИРҮҮ

Ушуну менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги укуктук жөнгө салууну талкуулоонун башталышы жана кызыкдар жактардын сунуштарын чогултуу жөнүндө кабарлайт.

  1. Сунушталган жөнгө салуу чечүүгө багытталган проблемалардын сыпаттамасы (мүмкүн болсо тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Автоунааларды ташууга арналган автранспорт каражаттары менен жеңил автоунааларды башка өлкөлөрдөн ташып кирүүдө жана өлкөнүн ичинде ташууда жаралган көйгөйлөр

Бугүнкү күндө Кытай Эл Республикасынан (КЭР) Кыргызстанга “Иркештам” жана “Торугарт” жана Казахстандан “Ак-Тилек”өткөрмө пунктары аркылуу жеңил автоунааларды ташып кирүү көбөйүүдө. КР Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча 2023-жылы КЭР-нан Кыргыз Республикасынын аймагына 78 миң жеңил автоунаалар ташылып келген. Жеңил автоунаалар жарым чиркегичтүү унаа ташуучу автоунааларга (унаа ташыгычтар) 6-дан 8-ге чейин жүктөлүп ташылып келет. Жеңил автоунаалар менен жүктөлгөн мындай унаа ташыгычтардын конструкциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 8-августундагы 2011-жылдын 454-токтому менен бектилген автоунаалардын салмак-габариттик ченемдеринен ашып кетет. Бул унаа ташыгычтарга жүктөлгөн жүктөр (жеңил автоунаалар) мүнөзү боюнча бөлүнүүчү жүк болуп саналат. Ошого байланыштуу, аталган токтомдун талаптарын сакташ үчүн, ченемдерден ашкан  ашык жүктөрдү түшүрүп, башка унаа ташыгычка жүктөш керек болот. Өткөрмө пунктарда мындай түшүрүп-жүктөө иштери көп убакытты алып, тыгындарды жана кошумча техниканы талап кылат. Андан тышкары, мындай иштер  тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ишкерлерине кошумча чыгымдар алып келет. Токтомдун талабын аткарбаса КР Укук бузуулар кодексинин  181-беренеси боюнча айып пул төлөөгө дуушар болушат.

Мындай иш аракеттер өткөрмө пунктагы бажы, чек-ара кызматтарынын ишин да оорлотот. Ошого байланыштуу бул көйгөйдү чечүү зарыл болууда.

  1. Сунушталган жөнгө салуунун максатын (мүмкүн болсо тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү) жана проблемаларды чечүү ыкмасын баяндоо:

             Баяндалган көйгөйдүн  чечүү жолу катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы №454-токтому менен бектилген  “Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын, атайын транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибине” тиешелүү өзгөртүү киргизүү боюнча токтомду кабыл алуу сунушталууда. Бул сунуш боюнча 1999-жылдын 4-июнунда кабыл алынган “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин жолдорунда мамлекеттер аралык ташууларды жүзөгө ашыруучу автотранспорт каражаттарынын массалары жана габариттери жөнүндө макулдашуу” жоболоруна таянып, токтомдун долбоору менен жарым чиркегичтүү унаа ташуучу автоунааларга (унаа ташыгычтар) жеңил автоунааларды  атайын уруксат  менен ташуу сунушталууда.

  1. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү артыкчылыктарын жана артыкчылыктарын баалоо (мүмкүн болсо, тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү).

 Бул сунуштун артыкчылыгы автоташуучуарга, жүктун ээлерине, жана мамлекеттик органдарга да артыкчылык алып келет:

— ашык жүктөрдү түшүрүү, кайра жүктөө жумуштарынан жана ага кеткен чыгымдардан арылат;

— атайын уруксат алса жолдо кошумча таразага түшүү процедурасынан арылат, жүктү жеткирүү убактысынан утат, кошумча чыгымдар азаят;

—  17500 сомдон 20000сомго чейин айып пул төлөөдөн бошойт;

— өткөрүү пунктарында тыгындар жоюлат;

-ташып жеткирүүнүн коопсуздугу камсыздалат.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча, 2023-жылы КЭР-нан Кыргыз Республикасына 78миң жеңил автоунааа ташып келүүдөн  15,1 млрд. сом бажы төлөмдөрү, 9,3млрд.сом кошумча нарк салыгы, бардыгы  24,8млрд.сом каражат бюджетке түшкөн. Ошону менен, тышкы экеномикалык ишмердүүлүктүн  катышуучуларына (автоташуучуларга, жүк алуучуларга, жүк жөнөтүүчүлөргө) жагымдуу шарттар түзүлүп, мамлекеттин бюджетине кошумча салымдар түшүлүүсү күтүлүүдө.

  1. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерге баа берүү (мүмкүн болсо тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

— Жагымсыз кесепеттер күтүлбөйт

  1. Сунушталган жөнгө салуунун адресаттарынын — ишкердик субъекттеринин санына мүнөздөмө жана баа берүү:

КЭР-на 4000ден ашуун юридикалык жана жеке жактардын транспорт каражаттары менен жүк ташуулар ишке ашырылат. 2023-жылы кыргыз автоташуучулар менен КЭР-нан  КР-на 67871 рейс аткарылган, а.и. “Торугарт” өткөрмө пункту аркылуу- 30821, «Иркештам” өткөрмө пункту аркылуу- 34050рейс.

  1. Сунушталган жөнгө салуунун аны киргизүү менен байланышкан кошумча чыгымдарын жана потенциалдуу адресаттарынын пайдасын болжолдуу баалоо:

 Атайын уруксат алып автоунааларды ташуу автоташуучуларга артыкчылык алып келет.  Тартип бузуулардын анализи көрсөткөндөй,  чектелган салмак–габариттик ченемдерди бузууларды көпчүлүгү габариттик ченемди ашыруу болууда. Мындай учурда, 20миң сом айып пул төлөөнүн ордуна автоташуучу 250сомго  ган атайын уруксат алып, жүгүн жеткирип алат.

  1. Сунушталган жөнгө салууну киргизүү менен байланышкан республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдасын болжолдуу баалоо:

— Сунушталган жөнгө салуу республикалык / жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын карабайт.

 

Билдирүүгө төмөнкүлөр тиркелет:

  1. Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеси:

— аталган маселелер туура, жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;

— бул максатка жетүү үчүн маанилүү, негиздүү болобу;

— проблемаларды чечүүнүн сунушталган ыкмасы (жөнгө салуу) эң артыкчылыктуубу;

— сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай артыкчылыктар жана артыкчылыктар болушу мүмкүн;

— сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер болушу мүмкүн;

— көйгөйлөрдү чечүүнүн натыйжалуу альтернативдүү жолдору барбы;

— сунушталган жөнгө салуу боюнча жалпы пикир.

Суроолордун тизмеси кеңейтилиши мүмкүн.

  1. Сунушталган жөнгө салууну киргизүү зарылдыгын баалоого мүмкүндүк берген башка маалыматтар: жок.

Байланыш жана талкуулоо мөөнөтү билдирүү маалымат:

 

1. Сунуштар кабыл алынат:

 

— электрондук почта аркылуу

nurmatm@gmail.com

—  почта дарегине

720017, г. Бишкек, улица Н. Исанова, 42

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү

( 2023-жылдын 22-апрелине чейин)

3. Иштеп чыгуучу органдын расмий сайтына сунуштардын жана жооптордун реестрин жайгаштыруунун мөөнөтү

(2023-жылдын 8-майына чейин)