mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Т. Текебаев Торугарт транспорт көзөмөлдөө пунктуна барды

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынан кийин эле мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан Торугарт транспорт көзөмөлдөө пунктуна барып, кызматкерлердин аткарып жаткан иштери менен таанышып, аларга тиешелүү тапшырмаларды берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаровдун  «Торугарт-автожолу» өткөрүү пункттунун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча тапшырмасын аткаруу Транспорт министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Бул иш-сапарда Т. Текебаев тиешелүү жетекчилерге унаа токтотуучу жайына ыңгайлуу шарт түзүү иштерин көзөмөлгө алып,  өз убактысында бүтүрүү талабын койду.