mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Төө-Ашууда  жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди

Кыргызстанда аба ырайынын суук болуп кеткенине байланыштуу  кече, түнкү саат 01: 45де  Төө-Ашууда  жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди.

Учурда  бул ашууда кардын калыңдыгы 20см болуп, бороон  болууда. Ал эми  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол тейлөө кызматкерлери  тарабынан  жолду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө.   

Өтмөк, Чыйырчык ашууларында кар майдалап жаап,  анын калыңдыгы 5-10см болуп, бороон болууда жана кар күрткүсү болгон жерлерди тазалоо иштери жүрүүдө. Жол ачык.

 Республиканын башка ашууларында дагы жол кызматкерлери тарабынан карды тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунда түшкөн кар көчкүлөрдү тазалоо жана кеңейтүү жумуштары жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу райондордон жана ашуулардан өткөн автоунаа айдоочуларды күрөктөр менен кар чынжырларын алып жүрүүгө, жол эрежелерин так сактоого, тактап айтканда, каршы тилкеге чыкпоого жана кар тазалоочу техниканын ишине кийлигишпөөгө чакырат.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы