Түштүк жергесинде жол тилкелерин оңдоо, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө
- 94 просм.
Өлкөнүн түштүгүндө жол тилкелерин оңдоо, калыбына келтирүү жана селден кийин көпүрөлөрдү калыбына келтирүү иштери уланууда.
Республиканын түштүгүндөгү Ленин-Жол-Арал-Сакалды унаа жолунда №51 ЖТИнин кызматкерлери тарабынан чуңкурларды оңдоо иштери уланууда. Ал эми Ленин-Жол-Казар-Мазар-Сере унаа жолунда селден кийин оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Сел жууп кеткен жерлерди бульдозер менен шагылга толтуруп, селден кийин пайда болгон жол тилкелериндеги таштарды, кумдарды чыгаруу иштери жүрүүдө.
Ушундай эле иштерди Баткен облусунун Кадамжай районундагы №46 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан Халмион-Таш-Дөбө унаа жолунда селден кийинки калыбына келтирүү иштери аткарылууда. Мындан тышкары 0км-де селден кийин кулап калган көпүрөнүн калыбына келтир, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 137-чакырымында таштандыларды тазалоо жана көпүрөнү оңдоо иштери жүрүп жатат. Өзбекстан менен чектешкен Өтүкчү-Кайтпас унаа жолунда (Сох анклавы) №46 ЖЭИ кызматкерлери тарабынан курулган көпүрөгө жол сызыктарын чийүү иштери аткарылууда.
Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунун 18-32-чакырымдарында №956 ЖЭИ кызматкерлери селден кийин калыбына келтирип, ушул эле жолдун 23-чакырымында түшкөн жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштери аткарылды. Бул жердеги жер көчкүнүн көлөмү 2000 м3 болуп, жол жарым-жартылай жабылып, бирок кийинчерээк жол кызматкерлеринин аракети менен жол тазаланган.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы 7-ПАД-Кара-Сөгөт жолунун 0-0,5 чакырымында селден кийинки жолду тазалап, Ош-Кара-Суу автожолундагы эски жол белгилерин алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Ал эми Өлкөнүн Түндүгүндө Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Талчат-Жогорку-Май автожолунун 21+500-25+500-чакырымдарында асфальт-бетон төшөөгө жолдун негизин даярдоо иштери уланууда. Тактап айтканда, жол тилкесине кум-шагыл жеткирилип, профилди даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Аталган жолдо №15 Жол эксплуатациялоо мекемесинин 4 жумушчусу жана атайын техникалар тартылган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы