mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Баткен облусундагы жол иштеринен кабар алды

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Раззаков шаарындагы айланма жолго барды. Учурда аталган тилкеде жер иштери кызуу жүрүүдө.

Эске салсак, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун Раззаков шаарын айланып өткөн 6,2 чакырым аралыгын куруу иштери 2022-жылы башталган. “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы тарабынан 4 чакырымы бүткөрүлгөн соң каттам ачылып, пайдаланууга берилген.

Андан соң ведомство жетекчиси Лейлек районундагы узундугу 40 чакырымды түзгөн Арка 2 — Мурас (Маргун) — Жети-Таш (Даркум) жолундагы жер иштеринин жүрүшү менен таанышты. 2022-жылдан бери аталган жол атайын техникалардын жардамы менен оңдолуп, унаа каттамына ылайыкташтырылган. Ошондой эле, Арка 2 — Мурас (Маргун) — Жети-Таш (Даркум) жолундагы Бели-Сынык ашуусуна шагыл төгүп, жолдун деңгээлин ылдыйлатуу иштери аткарылган.

Жумуш сапарынын жүрүшүндө Тилек Текебаев Самаркандек-Мадиген-Даркум жолуна да барды. 45 чакырымга созулган бул унаа жолдун 0-42-чакырымдар аралыгында жол куруу жумуштары 2022-жылга чейин бүткөрүлүп, каттам ачылган. Быйыл калган участокто иштер уланат.

Министр Тилек Текебаев жер иштеринин жүрүшү менен таанышып, жолчулар менен баарлашкан соң тиешелүү жетекчилерге 2024-жылдын планына кирген жумуштарды мөөнөтүнөн кечиктирбестен бүткөрүүнү тапшырды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы