mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Министрликке караштуу Жол фондунун, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти менен Жол чарба департаментинин кызматкерлери Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун (17-чакырымы) боюндагы таштандыларды жана башка тиричилик калдыктарды чогултуп, алар таштанды полигонуна чыгарылды.

Ошондой эле жол чети ирээтке келтирилип, айлана толук тазаланды.

Социалдык инфраструктураны жана санитардык абалды жакшыртуу, шаарларды жана калктуу конуштарды көрктөндүрүү максатында өткөрүлгөн ишембиликке министрликтин 100гө чукул кызматкерлери катышты.

Ошондой эле, ишембиликке КРдин ТжКМдин «Кыргыз жолтранс» долборлоо жана изилдѳѳ институтунун кызматкерлери активдүү катышып, өздөрүнө бекитилген аймакты тазалашты.

Мындан тышкары, министрликке караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери да берилген участокторун ирээтке келтиришти.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы