mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери билимдерин жогурулатышты

Белгилей кетсек, 5-6-март күндөрү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында 2 күндүк семинар болуп өттү жана ага 25 ашык кызматкер катышты. Бул иш-чаранын башталышында сөз сүйлөгөн Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев учурда Министрликтин кызматкерлеринин билим деңгээлин мындан дагы жогорулатуу үчүн көп аракеттер жасалып жатканына токтолду.
Министрлик тарабынан былтыр ондон ашык окутуулар өткөрүлүп, жүз отуздан кем эмес кызматкер окуу-семинардан өттү, быйыл бул көрсөткүчтөрдү көбөйтүү пландаштырылууда. 2023-жылдын 25-27-июлунда Прианка Налин Сеневиратне мырзанын ФИДИК семинары болуп өткөн. Ал Америка Кошмо Штаттарынан келди. Анын бул чөйрөдө 27-жылдык зор тажрыйбасы бар. Бул семинар Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунда өттү.
Баарыбызга маалым болгондой, ФИДИК курулуш келишимдери курулуш долбоорлорун жөнгө салуучу негизги инструмент болуп саналат жана алар дүйнө жүзү боюнча кеңири колдонулат.
Семинар үч негизги темага багытталат:
• 1-бөлүк: иштин башталышы, аяктоо мөөнөтү, иштин программасы, эскертүү жана аяктоо мөөнөтүн узартуу;
• 2-бөлүк: мамлекеттик органдардын күнөөсү боюнча кечигүүлөр, ишти аткаруу темпи жана кечиктирилген чыгымдардын ордун толтуруу;
• 3-бөлүк: мөөнөтүн узартуу боюнча дооматтар.
КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өз кызматкерлеринин потенциалын, өзгөчө инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы потенциалын чыңдоого өзгөчө маани берет. Келишимдердин түрлөрүн, өзгөчөлүгүн билүү жана түшүнүү транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү долбоорлорубуздун сапатын, натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатууга жардам берет.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери өтүлгөн материалды өздөштүрүүгө тесттен өтүшүп, аларга ийгиликтүү окугандыгы тууралуу эл аралык сертификаттар берилди. Сертификаттарды Прианка Налин Сеневиратне мырза өзү тапшырды.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы