mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ысык-Көл жергесине жасаган иш сапарынын алкагында жээкте жайгашкан пансионаттарга жете турчу жолдорду оңдоо иштеринен кабар алды

Тиешелүү жетекчилердин маалыматын уккан соң, жумушту мөөнөтүнөн кечиктирбестен сапатына басым жасоо менен өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.

Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Жетиген”, “Нур”, “Алтын Кум”, “Толкун” жана “Тулпар” пансионаттарына бара турчу унаа жолуна (1,6 чакырым) мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен асфальт-бетон төшөө жумуштары аяктады.

Мындан сырткары, “Кыргызское Взморье” пансионатынан “Аалам” пансионатына чейинки унаа жолго асфальт төшөө жумуштары башталды, жолдун жалпы узундугу 1,2 чакырымды түзөт.

Белгилей кетсек, туризмди өнүктүрүү менен жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында жаратылышы кооз жерлерге жете турчу жолдорду оңдоо менен катар кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан пансионаттарга бара турчу жолдорго өзгөчө көңүл бурулуп, асфальт төшөө (жалпы 20км чакырым аралыкка) пландалууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы