mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Голама Хоссейн Ядегари менен жолукту

Жолугушуунун жүрүшүндө транспорт тармагындагы (автомобиль жана темир жол транспорту) эки тараптуу кызматташтык талкууланды.

Ошондой эле тараптар жүк ташуунун көлөмүн жогорулатуу жана бул жаатта жаралган айрым жагдайлар тууралуу сөз кылышты.

Өз кезегинде Голама Хоссейн Ядегари мырза Тилек Текебаевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки мамлекет ортосунда транспорт тармагында жана бардык тармактагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык иш-аракеттерди жумшай тургандыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы транспорт тармагындагы ийгиликтүү жана жемиштүү биргелешкен ишти улантуу менен мындан аркы тыгыз кызматташууга ишеним артышарын баса белгилешти.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы