mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппараты оор жоготууга учурады. 2024-жылдын 21-апрелинде Транспорт башкармалыгынын жетектөөчү адиси Джамангулов Эрик Эсенгулович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты 

Эрик Джамангулов 1972-жылы туулган. 1994-жылы Темир жолчулар окуу жайын, 1997-жылы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин, 2012-жылы Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолун 1989-жылы “Кыргызавтомаш” ишканасында катардагы жумушчудан баштаган. 1994-жылы “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасына орношуп, 2024-жылга дейре Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде жана ага караштуу ишкана менен түзүмдүк бөлүмдөрдө иштеген. 2023-жылдын июль айынан тарта министрликтин Транспорт башкармалыгынын жетектөөчү адиси катарында эмгек жолун улап, бул тармакты өнүктүрүү багытында үзүрлүү иштеп келе жаткан.

Эрик Джамангулов бийик адамгерчилиги жана талыкпаган эмгекчилдиги менен мамлекеттик жумушта жигердүү иштеп, элүү жылдан ашык өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн кыргыз элине кызмат кылууга арнады. 

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев баштаган ведомство жетекчилиги жана министрликтин жалпы жамааты Эрик Джамангуловдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы