mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев жана окуу жайдын студенттери менен жолукту

Бүгүн, 18-апрелде Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев жана окуу жайдын студенттери менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө көпчүлүктүн көңүлүн буруп, туристтердин агымын артырган жаратылышы кооз жерлерге, анын ичинде Боом менен Төө-Ашуу сыяктуу панорамалык көрүнүшү бар жол тилкелерине Rest Point жайларын (фотозона, байкоо аянтчаларын) ачуу менен бул жаатта пландалып жаткан иш-чаралар жана студенттерге сунушталган мүмкүнчүлүктөр туурасында айтылды.

Бекжан Рысмендеев жол жээгиндеги инфраструктураны жакшыртууда министрликтин жана жаратман, креативдүү жаштардын биргелешкен аракетинин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле ал министрлик жол-транспорт тармагындагы актуалдуу көйгөйлөр боюнча илимий изилдөөлөрдүн, курстук жана бүтүрүүчү квалификациялык иштердин даярдалышына кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда министрликтин жол боюндагы тилкелерди модернизациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууда жогорку окуу жайлар жана студенттер менен кызматташууга кызыкдарлыгы баса белгиленип, жол-транспорт тармагына тиешелүү багыттар боюнча бүтүрүүчүлөрдү даярдоодо колдон келген көмөктү көрсөтүүгө даяр экендиги айтылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы