mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде тышкы байланыштар жана интеграциялоо бөлүмүнүн башчысы Елена Налобинаны  60 жаш кутман курагы менен кесиптештери куттуктады

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде тышкы байланыштар жана интеграциялоо бөлүмүнүн башчысы Елена Налобинаны  60 жаш кутман курагы менен кесиптештери куттуктады. Иш-чарага борбордук аппараттын жетекчилери катышты.  

Министр Тилек Текебаев “Транспорт жана жол тармагына чейрек кылымдан ашык өмүрүңүздү арнап, министрликтин тышкы байланышын бекемдөөгө өз салымыңызды кошуп келесиз. Сиздин энергияңыз, жигердүү турмуштук позицияңыз, кесипкөйлүгүңүз жана мол тажрыйбаңыз дагы да жаңы ийгиликтерди багындырууга өбөлгө болсун!”,-деди.

Ал эми министрликтин башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн башчылары Е. Налобинанын ишине албан-албан ийгиликтер менен бирге чын ден-соолук каалашты.     

Сөз кезегинде Е. Налобина  жетекчиликке, кесиптештерине ийгиликтерди каалап, айтылган жылуу сөздөргө ыраазычылыгын билдирди.