mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорттук контролдоо башкармалыгынын Ысык-Көл аймактык башкармалыгы  тарабынан  2024-жылдын 3 айында   1989  автотранспорт каражаттары текшерилди

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти  тарабынан салынган жолдордун сапатын сактоо, ошондой эле талкаланышына жол бербөө боюнча иштер үзгүлтүксүз аткарылууда.

Жогорудагы департаменттин транспорттук контролдоо башкармалыгынын Ысык-Көл аймактык башкармалыгы 2024-жылдын 3 айында төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишти:

— текшерүүдөн өткөн транспорт каражаттарынын саны 2024-жылдын 3 айында 1989 даананы түзүп,  2023-жылдын ушул мезгилинде  бул көрсөткүч 986 түзгөндүктөн ал былтыркы жылга салыштырмалуу 1003 көбөйгөн;

— аныкталган укук бузуулардын саны 2024-жылдын 3 айында 57 даана болсо,  2023-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 25 түзгөндүктөн ал былтыркы жылга салыштырмалуу  32 көбөйгөн;

— салынган айыптардын саны 2024-жылдын 3 айында 623000 сомду түзсө, 2023-жылы ал 182500 сомго барабар болуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 440500 көбөйгөн.

Министрлик текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турарын белгилеп, айдоочуларды салынган жолдордун талкаланышына жол бербөөгө жана тартипти бузуудан алыс болууга чакырат.

КРдин Транспорт жана  коммуникациялар министрлигинин  басма сөз кызматы