mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Тилек Текебаев Түркмөнстандын  Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси  Нуры Голлиев  менен жолугушту

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Нуры Голлиев менен жолугушту. Жолугушууда алар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Бул маанилүү иш-чаранын жүрүшүндө Т. Текебаев  Түркмөнстан Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш болуп саналат жана транспорт тармагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берерин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жүк ташуучулары үчүн Түркмөнстандын аймагы аркылуу автомобиль транспорту менен транзит учурундагы жыйымдардын ченеми (ставкасы), кыргыз ташуучулар үчүн бир жылдык виза алуу жана визалардын баасын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү, Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда жүктөрдү эки тараптуу транзиттик ташууга уруксат берүү системасын жокко чыгаруу боюнча демилгелер талкууланды.  

Сөз кезегинде, Нуры Голлиев Т. Текебаевдин жылуу кабыл алганына ыраазычылыгын билдирип, Түркмөнстан менен Кыргызстандын ортосундагы транспорт жаатындагы кызматташууга, ошондой эле Азия-Европа, Түндүк-Түштүк эл аралык транспорттук коридорлор боюнча тажрыйба алмашууга жана өз ара аракеттенүүгө даярдыгын тастыктады. 

Ошондой эле ал алдыда өтө турган  өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунда жогорудагы маселелер караларын белгилеп, кызматташуу мындан ары да бекемделе берерине ишенерин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Т. Текебаев Нуры Голлиев мырзанын иштерине ийгиликтерди каалап, мындан ары кызматташтыктын жана бардык байланыштардын тереңирээк жана тез-тез болушуна үмүтөнөрүн белгиледи.