mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Талас аймактык  башкармалыгынын инспекторлору Талас облусунда жайгашкан  жүк жүктөөчү карьерлерге, мыйзамда белгиленген талаптарды  аткаруу боюнча эскертүү каттарын беришти

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин аймактардагы  башкармалыктары КРдин  “Укук Бузуулар жөнүндө” кодексине кирген толуктоолор боюнча юридикалык жактар, жүк ташуучулар менен тыгыз иш алып барышып, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Анткени, жолду сактоо жана күтүү бул ар бир жарандын милдети.

Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү максатында    Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Талас аймактык  башкармалыгынын инспекторлору Талас облусунда жайгашкан  жүк жүктөөчү карьерлерге, мыйзамда белгиленген талаптарды  аткаруу боюнча эскертүү каттарын беришти.

Талас аймактык башкармалыгынын инспекторлору  тарабынан 2024-жылдын 2-айында 3301 транспорт каражаттары текшерилип, 62 айдоочуга 608500 сом айып пул, анын ичинен 181-берененин негизинде 21 айдоочуга 405000 сом айып пул салынды.  Өндүрүлгөн айып пул 476500 сом болду.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы