mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунда (Өтмөк ашуусу) жана Бишкек-Ош унаа жолунда (80-93 жана 153-156-чакырымдар аралыгында) жаралган аң-чөнөктөрдү жамоо иштери кызуу жүрүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын жолчулары тарабынан бардык аймактарда аң-чөнөктөрдү толтуруу, асфальт төшөө иштери аткарылууда.

Ошону менен катар жолду кармоо (лотокторду жана жол четин тазалоо, тегиздөө, актоо, сырдоо, жол белгилерин алмаштыруу, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу жб) жумуштары жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы