Сел түшкөн жолдор: Тазалоо иштери жүрүүдө
- 23 просм.
Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 42, 54, 63-чакырымындарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суунун нугу көтөрүлүп, жолго чыгып кеткен. Учурда каттам жок. Тиешелүү техникалар тазалап жатышат.
Ылай-Талаа-Карагуз-Түшүнүк унаа жолунун 17-28-чакырымдар аралыгында жол убактылуу жабылды. Жеринде атайын техникалар иштеп жатат.
Додон-Салиева-Абширсай унаа жолунда (47-50-чакырымдар аралыгы) сел жүрүп, жол убактылуу жабык.
Төө-Моюн-Өсөр-Жаңы-Арча унаа жолунун 26, 29, 32-чакырымдарында жолду тазалоо иштери жүрүүдө.
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 44-46-чакырымдар аралыгында 6 жерден сел түшүп, каттам бир тараптуу бар. Тазалоо иштери уланууда.
Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунда (49-51-чакырымдар аралыгы) тазалоо иштери жүрүп жатат. Жол убактылуу жабык.
Кошумча маалымат берилет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы