mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Селдин кесепети жоюлуп, жолдор тазаланды

2024-жылдын 25-26-май күндөрү Аксы районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Топ-Жаңгак-Кара-Суу автожолунун 5-6-км, 8-9-км жана 12-13-км аралыктарында, ошондой эле Кара-Жыгач-Сары-Челек автожолунун 5-7-км, 9-11-км жана 19-21-км аралыктарында сел жүрүп, жол каттамдары жабылган.

Жогоруда белгиленген сел болгон жерлерге министр Тилек Текебаевдин тапшырмасы менен КРдин Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев барып, жолчулардын иши менен жеринде таанышып, бир катар маанилүү тапшырмаларлы берди.  

Белгилей кетсек, селдин кесепетинен Аркыт айылындагы Сары-Челек автожолунун  жээктериндеги курулуштар зыянга учураган. Анткени ал жерде курулуш иштери жүрүп жаткан.

Жеринде  КРдин Транспорт жана коммуникациялар министерлигине караштуу жол тейлөө ишканасы тарабынан 1 автогрейдер, 2 автопогрузчик, 2 экскаватор, 2 автосамосвал, 1 манипулятор, 10 жумушчу иштеп жатат

Мындан сырткары, Топ-Жаңгак-Кара-Суу автожолунун 6-км аралыгында жайгашкан 9 метрлик көпүрө жабыркагандыктан, тиешелүү адистер тарабынан  калыбына келтирүү жана бекемдөө иштери жүргүзүлүп, жаңысын куруу пландаштырууда.

 

Учурда, аталган жолдордо каттам берилип, жолдор ачык.  Тазалоо иштери улантылып жатат.