mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Раззаков-Андарак-Көк-Таш жана Самат-Замбуруч-Жаркыштак унаа жолдорунда бир тараптуу каттам бар

Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Раззаков-Андарак-Көк-Таш жана Самат-Замбуруч-Жаркыштак унаа жолдорунда бир тараптуу каттам бар. Учурда жерине тартылган атайын техникалар жана аймакты тейлеген жолчулар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу, кеңейтүү иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-май күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Лейлек районундагы Раззаков-Андарак-Көк-Таш, Самат-Замбуруч-Жаркыштак жана Ош-Баткен-Раззаков (330-372-чакырымдар аралыгы) унаа жолдорунда сел жүрүп, каттам үчүн кыйынчылыктар жаралган.

Учурда Ош-Баткен-Раззаков унаа жолу эки тараптуу ачык.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы