mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа (259-261-чакырымдар аралыгы) жолу убактылуу жабылды

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 259-261-чакырымдар аралыгында дарыянын деңгээли жогорулап (тоолордо кардын эришинен улам), жолго чыккан суу каттам үчүн кыйынчылык жаратты. Учурда жол убактылуу жабык. Жерине №960 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, дарыянын нугун жөнгө салуу аракеттери көрүлүүдө.

Ошондой эле, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 55-59-чакырымдар аралыгындагы сел түшкөн жерлер тазаланып, каттам толук жанданды. Ал эми 134-135-чакырымдар аралыгында да суунун нугун буруу, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тилкеде каттам бар. Кошумча маалымат берилет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы