Ош облусунда жүрүп жаткан жол иштеринин түрмөгү
- 83 просм.
№ 37 Жол тейлөө ишканасы: Ноокат районуна караган Ноокат-Папан унаа жолунун 11-20-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле, Тельман-Кара-Кой жолунда (0-6-чакырымдар аралыгы) жөө жүргүнчүлөр өткөн жол сызыктары жаңыланууда.
№ 16 Жол тейлөө ишканасы: Чоң-Алай районундагы Ачуу-Суу-Кара-Шыбак автоунаа жолунун 66-68-чакырымдар аралыгында асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүп жатат.
№ 5 Жол тейлөө ишканасы: Өзгөн-Заргер унаа жолунун 15-18-чакырымдар аралыгында жер иштери жүрүүдө.
№ 956 Жол тейлөө ишканасы: Куршаб-Жалпак-Таш жолунун 0-7-чакырымдар аралыгында жаралган аң-чөнөктөр жамалууда.
№ 26 Жол тейлөө ишканасы: Таш-Кыя-Киров-Жийделик унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө.
№ 45 Жол тейлөө ишканасы: Кара-Суу районуна караштуу Аэропорт-Кашкар-Кыштак жолунун 0-1,2-чакырымдар аралыгын асфальттоого даярдыктар көрүлүүдө. Ошондой эле, айыл ичиндеги көчөлөргө шагыл төшөө жумуштары жүрүп жатат.
№ 960 Жол тейлөө ишканасы: Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун жээгиндеги арыктарды тазалоо иштери аткарылууда.
№ 21 Жол тейлөө ишканасы: Жолчулар тарабынан Актерек-Папан-Кожокелең жолундагы аң-чөнөктөрдү жамоо, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолундагы жол белгилерин жаңылоо, Кеңеш-Жапалак автоунаа жолунун 5-7-чакырымдар аралыгында асфальт төшөөгө даярдык көрүү иштери жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы